Ош-Раззаков жолу ачык,Кызыл-Булак -Тамаша жолдорундагы сел кесепеттери жоюлууда
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 120-121 чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды . Каттам эки тараптуу ачык.
Ал эми Кызыл -Булак-Тамаша автожолунун 200 метр аралыктагы жолду сел алып кетти.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жеринде министрликтин №46 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин
ыкчам жүргүзүүдө.
Альтернативдик жол бар, каттам камсыздалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















