Испаниянын премьер-министринин жубайына каршы коррупция боюнча тергөө жүрүүдө
Испаниянын премьер-министринин жубайы Бегонья Гомеске коррупция иши боюнча кылмыш иши козголгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ага дагы мамлекеттик каражатты туура эмес колдонуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоолор айтылууда. Бирок ага карата тергөө иштери гана жүрүүдө.
Сот алдын ала чечим менен ага өлкөдөн чыгууга тыюу салып, паспортун алып койгондугу кошумчаланды. Мындан тышкары айына эки жолу катталып турууну милдеттендирди.
Тергөө 2024-жылы башталган. Айыптоочулардын версиясы боюнча, ал мамлекеттик келишимдерге таасир эткен болушу мүмкүн. Ошондой эле анын университеттеги ишмердүүлүгү жана кадр тандоо процесстери да текшерилүүдө.
Анын жактоочулары болсо ал күнөөсүз экенин айтып, иш саясий көз караштардан улам козголгонун билдиришүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















