super.kg logo

Нарындагы селдин кесепеттери тизмектелди (видео)

 

Кечээ, 20-июнда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларга жана бир катар инфраструктуралык объектилерге зыян келтирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепеттерин жеринде көрүү максатында министрдин орун басары Алмазбек Асанов аталган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жаңы-Тилек айылында сел каптаган үйлөрдүн ээлери менен жолугушууда каналдарда топтолгон сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлөрү айтылды. Ошондой эле тургундардын өтүнүчү менен коргоо курулмаларын куруу маселеси адистердин корутундусунун негизинде караларын билдирди.

Мындан тышкары Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндөгү алты турак жайды сел коркунучунан коргоо боюнча иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылга карата иш-чаралар планына кошуу сунушталды. Ошондой эле "Мыкаачы" суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Учурда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалга байланыштуу кеңешмелер өткөрүлүп, келтирилген зыянды жоюу жана алдын алуу иштерин уюштуруу улантылууда.






Нарындагы селдин кесепеттери тизмектелди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: