"Жогорку окуу жайдын окутуучулары карапайым үй-бүлөлөрдүн акчасына унаа минип, үй салышууда" дейт Бакыт Төрөбаев
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда билим берүү экинчи орунда калып, бизнес кылуу башкы маселеге айланды. Муну парламенттин 29-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди. Айтымында, жогорку окуу жайлардын жетекчилигинин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.
"Окутуучулар карапайым үй-бүлөлөрдүн акчасына үй куруп, унаа минип, керек болсо уул-кызына автоунаа алып берүүдө. Карапайым үй-бүлөлөрдүн да абалын карайлы",- деди депутат.
Башка депутаттар жогорку окуу жайлардын санын кыскартууну сунушташууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















