Ысык-Атада бала бакчанын жетекчилиги иштебеген кызматкерлер үчүн маяна алып турган
Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылында жайгашкан “Бала-Кербен” атындагы бала бакчанын жооптуу кызматкерлери иштебеген адамдар үчүн маяна алып турушкан.Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, алар 2024-жылдан бери 6 адамга жалган түрдө эмгек акы эсептеп, олуттуу өлчөмдөгү акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















