super.kg logo

ДСУнун башчысы хантавирус тууралуу билдирүү таратты

 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус хантавирустун жайылышы аяктоо баскычына жакындап калганын билдирди. Тиешелүү билдирүүнү ал X социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, MV Hondius кемесинин капитаны жана экипаж мүчөлөрүнүн көпчүлүгү карантинден чыккан.

Айта кетсек, бул кемеде вирус жуктурган учурлар катталган болчу. Адистер дүйнөнүн 33 өлкөсү жана аймагында ооругандар менен байланышта болгон 600дөн ашык адамды көзөмөлгө алышкан. Алардын 80 пайыздан ашыгы 42 күндүк байкоо мөөнөтүн ийгиликтүү аяктаган.

"Тастыкталган учурлардын саны 13. Анын ичинде үч адам каза болгон. Биз эпидемиянын аякташына жакындап калдык",- деген Гебрейесус.

Эске салсак, бул вирус 2026-жылдын апрель-май айларында Атлантика океанындагы круиз учурунда чыккан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: