Чүйдө орун алган ок атышууга кыз талашуу себеп болгону маалым болду
Чүйдөгү "Гаваи" эс алуу борборунун аймагындагы жаңжал боюнча 16-23 жаштардагы 11 жаран кармалды.
Облустук милициядан маалымдашкандай, окуянын катышуучулары Бишкек-Торугарт айланма жолунда унаалар менен кубалашып, окуяда ок атышуу орун алган. Жаңжалдын чыгышына 2 баланын ортосундагы кыз талашуу себеп болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5 унаа айып короого киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















