super.kg logo

Франциянын бир жараны эбола вирусун жүктуруп алды

 

Францияда эбола вирусу бир жарандан аныкталды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ал Конгодогу гуманитардык миссиядан кайтып келген дарыгер экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап карантинге алынып, тиешелүү кызматтар аны менен байланышта болгон адамдарды аныктоо жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Европа калкы үчүн жалпы коркунуч деңгээли төмөн деп бааланууда.

Эске салсак, май айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Борбордук Африкадагы эбола вирусунун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жуктуруп алгандардын саны 1048 адамдан ашып, оорудан 260 адам каза болгон.

Reuters агенттиги билдиргендей, вирустун кеңири жайылуу коркунучу төмөн деп эсептелгени менен, бир катар өлкөлөрдүн аэропортторунда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: