super.kg logo

Трамп: "АКШ Ирандагы кыздар мектебине сокку урган эмес"

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын пикиринде америкалык күчтөр Ирандын Минаб шаарындагы кыздар мектебине сокку урган эмес.

Анын айтымында, бул окуяга жооптуу тарапты так аныктоо кыйын. Трамп АКШнын жоопкерчилигин далилдей турган эч кандай маалыматты көрбөгөнүн айтып, ал учурда аймакта ракеталар ар тараптан учуп жатканын белгиледи.

"Менимче, бул биз болгон эмеспиз. Ошол учурда абада көптөгөн ракеталар жүргөн",- деген АКШ президенти журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган.

2-мартта Минаб шаарындагы кыздар мектебине ракеталар менен сокку урулган. Иран тараптын маалыматына ылайык, бул окуяда 168 адам каза болгон.

Март айында The New York Times америкалык булактарга таянып, алдын ала иликтөө бул сокку үчүн АКШ жооптуу экенин аныктаганын жазган. Маалыматка ылайык, аскерлер эскирген чалгын маалыматтарына таянышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: