super.kg logo

Дүйнөлүк жылдыз жана тогуз иттин кожойкеси Ариана Гранде: Ийгилик, сүйүү жана сыноолор

 

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон америкалык ырчы жана актриса Ариана Гранде бүгүн, 26-июнда 33 жашка толду. Өзүнүн кайталангыс үнү, хит ырлары жана экрандагы ийгиликтүү ролдору менен таанылган жылдыздын жашоосу сыртынан жомоктой көрүнгөнү менен, анын артында чоң эмгек, оор жоготуулар жана жеке сыноолор жатат.

Театрдан дүйнөлүк сахнага чейин

Ариана Бутера-Гранде 1993-жылы 26-июнда АКШнын Бока-Ратон шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөдөгү эки баланын кенжеси болуп чоңойгон. Атасы Эдвард Бутера ишкер болсо, апасы Жоан Гранде балдарынын чыгармачылыкка жакын өсүшүнө өзгөчө көңүл бурган.

Кичинекей Ариананын таланты эрте байкалган. Ал сүйлөй баштаганда эле балдар театрына катышып, сахнага жакын өскөн. Бирок анын балалык чагы толугу менен бактылуу болгон эмес. Ариана 8 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Бул окуя анын психологиясына олуттуу таасир тийгизип, кийин көп жыл терапиядан өтүүгө туура келген.

“14 жаштагы кыздын альбомун ким сатып алат?”

14 жашында Ариана чоң кыял менен Лос-Анжелеске барып, музыкалык менеджерлерге өзүнүн R&B стилиндеги альбом чыгаргысы келерин айткан. Бирок ал кезде көпчүлүк анын курагына күмөн санаган.

“Бул жакшы идея, бирок 14 жаштагы кыздын R&B альбомун ким сатып алмак эле?” деген жоопторду уккан жаш талант багынган эмес.

Тескерисинче, ал өзүн далилдөө үчүн "Бродвей" театрындагы сахнасындагы мюзиклдерге катышып, режиссёрлордун көңүлүн бурган. Көп өтпөй анын карьерасында чоң бурулуш болуп, "Виктория – жеңүүчү"сериалындагы ролу аркылуу кеңири таанылды.

17 жашында Ариана алгачкы ирет үн жаздыруучу компания менен келишим түзүп, музыка дүйнөсүнө расмий кадам таштаган.

Атактуулукка чагылгандай жол

Ариананын карьерасы укмуш ылдамдыкта өстү. Ал чыгарган ырлар хитке айланып, концерттик турларга чыгып, дүйнөлүк поп-сахнанын эң чоң жылдыздарынын бирине айланды.

20 жашка чыкканда эле ал 3 альбом чыгарып, 14 миллион доллар киреше тапкан. Мындай ийгилик жаш ырчылар арасында сейрек кездешет.

Анын күчтүү вокалы өзгөчө бааланат. Ариананын үн диапазону төрт октавага чейин жетери айтылып келет. Көпчүлүк аны поп-музыканын эң күчтүү үн ээлеринин бири катары баалашат.

Сүйүү, жоготуу жана коомдук басым

Ариананын жеке жашоосу да дайыма коомчулуктун көңүл чордонунда болгон.

Ал 2014-жылы рэпер Биг Шон менен мамиледе болгон. Кийин Найл Хоран менен да сүйлөшкөнү айтылган.

2016-жылы ырчы Мак Миллер менен жакын мамиле түзгөн. Экөөнүн мамилеси көп күйөрмандардын сүйүктүү түгөйлөрүнүн бирине айланган. Бирок эки жылдан кийин алар ажырашып кетишкен.

Көп өтпөй Мак Миллердин күтүүсүз каза болушу Ариана үчүн оор сокку болгон. Айрым күйөрмандар ырчыны негизсиз күнөөлөшкөнү менен, бул окуя анын психологиялык абалына катуу таасир эткен.

Кийин актёр Пит Дэвидсон менен мамиле түзгөнү да чоң талкуу жараткан. Бирок бул сүйүү да узакка созулган эмес.

2021-жылы Ариана риэлтор Далтон Гомес менен жашыруун баш кошкон. Бул нике да көпкө созулбай, түгөйлөр 2024-жылы ажырашкан.

Жылдыз болгону менен, жөнөкөй адам

Сахнада дайыма энергиялуу көрүнгөн Ариана ден соолук жагынан бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Ал гипогликемиядан жабыркайт. Ошондой эле айрым учурларда дүрбөлөңгө түшүү (паникалык абал) менен күрөшөрүн жашырган эмес.

Ырчынын дагы бир өзгөчөлүгү — жаныбарларга болгон сүйүүсү. Ариананын тогуз ити бар.

Ал вегетариан жана сергек жашоо образын карманат.

Ариана тууралуу кызыктуу фактылар

Ариананын күйөрмандары да биле бербеген кызыктуу маалыматтар бар:

  • Жакшы көргөн жемиштери — кулпунай жана дарбыз;
  • Караңгыдан коркот;
  • Сууда сүзүү, футбол жана хоккейди жактырат;
  • Жакшы көргөн түстөрү — көк, жашыл, коралл жана зефир өңдөрү;
  • Апасы ага башында Софи деген ысым берүүнү каалаган;
  • Бритни Сприс, Шакира сыяктуу атактуулардын үнүн мыкты туурай алат;
  • "Гарри Поттер" китептеринин чоң күйөрманы;
  • Бала кезинен Disney каналын көргөндү жакшы көрөт.

Поп-музыканын өзгөчө жылдызы

Ариана Гранде жөн гана поп-жылдыз эмес. Ал таланты, эмгекчилдиги жана кайраттуулугу менен миллиондорго дем берген инсан.

33 жашында ал музыка дүйнөсүндө гана эмес, кино тармагында да өз ордун бекемдеп, жаңы бийиктиктерди багындырууну улантууда. Анын тарыхы бир нерсени далилдейт: чоң кыялга жаш тоскоол боло албайт.

26-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: