super.kg logo

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: Сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер 

 

Кыргызстандагы 2026-жылдын эң ири музыкалык долбоорлорунун бири болгон КЫРГЫЗ ТУРдун финалдык концерти 2026-жылдын 30-июнунда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Тур Баткенден башталып, Ош, Манас, Талас, Нарын жана Каракол шаарларын кыдырып, жыйынтыктоочу концерт ордо калаада өтөт.

Финалдык концертке дагы көп көрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча 15 миң акысыз билет бөлдү. Ошентип, жыйынтыктоочу концерт "Ала-Тоо" аянтында өтөт.

Бишкектеги финалдык концертте Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI, KAIBAR, Emir Aga жана башка ата мекендик ырчылар сахнага чыгышат. Алардын жандуу аткаруусу көрүүчүлөргө унутулгус маанай тартуулап, чыныгы музыкалык фестивалдын атмосферасын сездирет. Коноктор сүйүктүү ырчыларынын жандуу үнүн угуп, жайдын эң ири музыкалык окуяларынын бирине күбө болушат.

Концертке акыркы акысыз билеттер BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү. Билет алуу үчүн:

• BAKAI тиркемесин жүктөп алыңыз;
• Tiki Tiki «Сервистер» бөлүмүнө өтүңүз;
• концертке кирүүгө мүмкүнчүлүк берген билетиңизди алыңыз.

Билеттердин саны чектелүү. Жайдын эң ири музыкалык окуяларынын бирине катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

КЫРГЫЗ ТУР долбоору өлкөнүн бардык аймактарынан келген он миңдеген көрүүчүлөрдү бириктирип, заманбап кыргыз музыкасынын, маданий ынтымактын жана жаш таланттарды колдоонун символуна айланды.

КЫРГЫЗ ТУР 2026 - бул жөн гана концерттер сериясы эмес. Бул:

• жандуу фестивалдын атмосферасы жана унутулгус таасирлер;
• ата мекендик ырчыларды жана жаш таланттарды колдоо;
• музыка жана чыгармачылык аркылуу өлкөнүн бардык аймактарындагы адамдарды бириктирген аянтча.

«Музыка адамдарды шыктандырып, бириктирип, жаштардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө күчүжетет деп ишенебиз. Ошондуктан BAKAI белгилүү кыргызстандык ырчылардын концерттерин аймактардагы көрүүчүлөргө жакындатуу, жаштарды музыкага жана чыгармачылыкка шыктандыруу максатында уюштурулган КЫРГЫЗ ТУР долбоорун колдоду. Финалдык концертке мүмкүн болушунча көпкөрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча 15 миң акысыз билет бөлдү. Бишкектеги жыйынтыктоочу концерт КЫРГЫЗ ТУРдун өлкө боюнча өткөн чоң сапарынын жаркын жыйынтыгы болот», - деп белгилешти банкта.

КЫРГЫЗ ТУР 2026нын чоң финалын өткөрүп жибербеңиз! Сүйүктүү ырчыларыңыздын жандуу аткаруусун көрүп, жайкы кечти BAKAI менен бирге өзгөчө маанайда өткөрүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: