super.kg logo

Израилдин коргоо министри: “Иран менен согуш кайра тутанышы мүмкүн

 

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Иран менен куралдуу жаңжал эки жагдайда кайра башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, биринчи сценарий – АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр натыйжа бербей калды деп эсептеп, аскердик аракеттерди баштоо чечимин кабыл алса.

Экинчи сценарий – Иран Израилге биринчи болуп сокку урса. Кац мындай учурда “Иран менен үчүнчү согуш башталат” деп белгиледи.

Эске салсак, Израил менен Ирандын ортосундагы акыркы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен. Бирок Израилдин коргоо министри аймактагы кырдаал дагы эле чыңалуу бойдон калып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: