super.kg logo

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

 

BAKAI Камсыздандыруу ОСАГО үчүн нак акча түрүндө берилүүчү 30% жогорулатылган кешбэк акциясын 2026-жылдын аягына чейин узартты. Полисти тариздөө же жаңыртуу үчүн BAKAI мобилдик банкын колдонуп онлайн арыз берип, ОСАГОнун наркынын 30 пайызын картаңызга дароо кайтарып алыңыз.

Мисалы:

✔️ полистин баасы – 1 680 сом

✔️ кешбэк – 504 сом

✔️ акча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин дароо кайтарылат

ОСАГОну кантип онлайн тариздөөгө болот:

  1. BAKAI мобилдик банкын ачыңыз
  2. «Сервистер → Камсыздандыруу → ОСАГО» бөлүмүнө өтүңүз
  3. Маалыматтарды киргизип, онлайн төлөңүз
  4. 30% кешбэкти картаңызга дароо алыңыз

Тариздөө бир нече мүнөттү гана талап кылат, ал үчүн кезек күтүүнүн жана кеңсеге баруунун кереги жок.

ОСАГО – ар бир айдоочу үчүн милдеттүү коргоо

ОСАГО жол-транспорт кырсыгы болгон учурда каржылык чыгымдардан коргойт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян:

Эгер кырсыктан жүргүнчүлөр, жөө жүргүнчүлөр же башка унаалардын айдоочулары жабыркаса.

2. Башка бирөөнүн унаасына келтирилген зыян:

Кырсыкка катышкан башка тараптардын унааларын оңдоо же калыбына келтирүү чыгымдары.

3. Үчүнчү жактардын мүлкүнө келтирилген зыян:

Мисалы: тосмолор, имараттар, жол курулмалары, витриналар ж.б.

BAKAI Камсыздандыруу – бул BAKAI экосистемасынын бир бөлүгү. Бул жерде камсыздандыруу продукттарын онлайн тариздөөгө болот: ОСАГО, өмүрдү камсыздандыруу, саякаттарды камсыздандыруу, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу жана башка кызматтар.

Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

ОСАГО полисиңизди дароо азыр тариздеңиз же жаңыртыңыз. BAKAI’дан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: