super.kg logo

Измирдеги ири өрт калктуу конуштарга коркунуч жаратууда (видео) 

 

Түркиянын Измир провинциясынын Дикили районунда ири өрт чыгып, калктуу конуштарга коркунуч жаратууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, өрт алгач айыл чарба жерлеринен тутанып, катуу шамалдын кесепетинен токой тилкесине жайылып, турак жайларга жакын аймактарга чейин жетти.

Өрттү өчүрүүгө 7 учак, 8 тик учак, 35 өрт өчүрүүчү унаа, 4 бульдозер жана көп сандаган куткаруучу топтор тартылды. Учурда тилсиз жоо менен күрөшүүдө абадан да, жерден да чаралар көрүлүп жатат.

Бийлик тургундарды өзгөчө кырдаал кызматтарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууга жана өрт коркунучу сакталган аймактарга барбоого чакырды.






Измир провинциясындагы ири өрт калктуу конуштарга коркунуч жаратууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: