Казакстанда Курултайга депутаттарды шайлоо 23-августта өтөт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы бир палаталуу парламент - Курултайдын депутаттарын шайлоо 23-августка дайындалганы тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышты.
Жарлыкка ылайык, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоо жана өткөрүү тапшырылды. Өкмөткө, ошондой эле борбор калаа, облустар жана республикалык маанидеги шаарлардын акимдерине шайлоону уюштурууга байланыштуу бардык зарыл уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана каржылык чараларды көрүү милдеттендирилди.
1-июлдан тартып Казакстанда март айындагы республикалык референдумда жактырылган жаңы Конституция күчүнө кирди. Анда мамлекеттик башкаруунун жаңы системи бекитилип, өлкөнүн эки палаталуу парламентинин ордуна бир палаталуу Курултай түзүү каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















