super.kg logo

Трамп: “Иран АКШнын соккуларынан кийин чоң өзгөрүүгө барды”

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран өткөн жумадагы америкалык соккулардан кийин “чоң өзгөрүүгө барды” деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Трамптын айтымында, АКШ Иранга күчтүү сокку урган жана бул Тегерандын позициясына таасир эткен.

Буга чейин, 18-июнга караган түнү, АКШ менен Иран аралыктан меморандумга кол коюп, анда 28-февралдан бери уланып келген аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Документке ылайык, АКШ деңиз блокадасын алып салууга, ал эми Иран Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүүгө тийиш.

Бирок меморандумга кол коюлгандан кийин тараптар бетме-бет сүйлөшүү өткөрө элек. Ормуз кысыгындагы соода кемелерине жасалган кол салуулар жана АКШнын Иран аймагына урган жаңы соккулары сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына коркунуч жаратууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: