super.kg logo

Чолпон-Атада ШКУнун банктар аралык бирикмеси Кеңешинин XXII отурумун Элдик Банк ачты

 

2026-жылдын 2-июлунда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) Кеңешинин XXII -отуруму башталды. Быйылкы жылы ШКУнун банктар аралык бирикмесинин төрагалык кылууну «Элдик Банк» ААКсы ишке ашырып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин мүчө банктарынын Индия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында туруктуу каржылоо принциптерин алдыга жылдыруу боюнча негизги маселелерди карашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттердин каржы институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

«Элдик Банк» ААКнын төрагалыгы астында ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин XXII -отурумунун өткөрүлүшү ШКУнун аймагындагы финансылык кызматташтыкты чыңдоодо жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын активдүү ролун белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: