super.kg logo

Трамп: "АКШ НАТОго эң көп каражат жумшайт, бирок андан эч кандай пайда көрбөйт"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ НАТОго башкаларга караганда көп каражат жумшай турганын, бирок мындан эч кандай пайда көрбөй жатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2014–2025-жылдар аралыгында АКШ НАТОго 999 миллиард доллар сарптаган. Ошол эле мезгилде Улуу Британия 90,5 миллиард доллар, Франция 66,5 миллиард доллар, ал эми Италия 48,8 миллиард доллар жумшаган. Трамп Германиянын жана башка союздаш өлкөлөрдүн чыгымдары мындан кыйла аз экенин да белгиледи.

Буга чейин ал Европа өлкөлөрү Иранга каршы согушта АКШны колдобогондуктан аларга нааразы экенин билдирген. Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден бери НАТОго мүчө мамлекеттерди коргонууга кеткен чыгымдарын көбөйтүүгө чакырып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: