Өлкөдө селден улам жабылган жолдор ачылды (тизме)
1–3-июль күндөрү жааган жаандын кесепетинен бир нече унаа жолду суу каптап, таштар кулады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Мекеме мындан улам атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо жана каттамдарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
- Бишкек–Нарын–Торугарт жана Сары-Була–Соң-Көл жолунда тазалоо иштери жүргүзүлдү.
- Туздуу-Көл унаа жолу ачык.
- Баетов–Макмал жолунун 13-14-чакырымдары тазаланды.
- Ак-Тал–Чат–Казарман жолунун оңдолуп жаткан тилкесинде суунун нугу бурулуп жатат.
- Балыкчы–Ананьев–Каракол жолу тазаланды.
- Балыкчы - Ананьев - Каракол жолунун Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарындагы тилкеси таза.
- Кара-Талаа - Туура-Суу унаа жолунда сел жүрүп, 1-көпүрө бузулган. Учурда жол жабык.
- Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 167-чакырымында таш кулаган. Жолдун бир тарабы жабык.
- Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу (Терек-Чаты-Терек) тазаланды.
- Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырымындагы таштар тазаланды.
Селден улам жабылган жолдор ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















