Кызуу талкуу жараткан видео... Индонезияда уурулар чындап скотчтолгонбу?
Интернет желесинде төрт киши башынан бутуна чейин скотч менен оролуп, "Телепузиктер" балдар шоусунун каармандары сыяктуу стилдештирилгени тартылган видео тарады.
Бул окуя Индонезиядагы дүкөндөрдүн биринде болгон делген маалымат тараган. Анда уурулардан тажаган дүкөн ээси достору менен бирге тузак уюштуруп, аларды колго түшүргөнү жана скотч менен орогону айтылат.
Бирок баары башкача болуп чыкты. Видеонун жаратуучулары – Ява аралындагы Маланг шаарынын блогерлери. Алардын аттары Сяхрони Мухаммад жана Фери Ведон. Блогерлер көптөн бери катталуучулары үчүн күлкүлүү видеолорду тартып келишет. Алар TikTok'то түз эфирге чыгышкан.
Harian Kampung деп аталган аккаунттун ээси эфирдин үзүндүсүн кесип алып, монтаждап, кармалган уурулар жөнүндө окуя ойлоп тапкан.
Кызуу талкуу жараткан видео... Инденезияда уурулар чындап скочтолгонбу?
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















