ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-июлдан 12-июлга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)
Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүүдө көтөрүлгөн айрым темалар сизде эмоционалдык бороон жаратышы мүмкүн, ошентсе да өтө орой жооп берүүдөн алыс болуңуз. Жалпысынан апта ийгиликтүү өтөт. Жумушта өзүңүздү жеңил сезип, маанайыңыз көтөрүңкү жүрөсүз. Убада бергендерге ишенбеңиз, баналдуу түрдө алданып каласыз. Бирөө жарымдан карыз алган болсоңуз, ал тез арада кайтарып берүү талабын коюусу ыктымал. Сүйүү жаатында маанилүү сүйлөшүүлөр жүрөт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Айрым маанилүү суроолорго жооп таппай келген болсоңуз, алардын айрымдарына ушул аптада жооп алып канагаттанасыз жана бекер эле кайгырыптырмын деп каласыз. Өспүрүм балдар менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Бойдоктордо жумушта жеңил флирт орун алып, маанайыңыздын көтөрүлүшүнө таасир этет. Чала тааныш адамга жеке маалыматтарды айтуудан алыс болуңуз. Эс алууга ири суммада акча коротуу күтүлөт, ордуна энергия балансын толуктаган дем алыш күтөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул аптада көп иш бүтүрөсүз, ага күчүңүз да, энергияңыз да, идеяңыз да жетет. Шаршемби, бейшемби күндөрү спорт менен машыгууда же физикалык жумуш жасоодо сак болуу керек, жаракат алуу коркунучу бар. Акчаны максатсыз коротпой, үнөмдөө керек. Анткени жакынкы убакта каржы талап кылган жагдай жаралышы күтүлөт. Жардам колун сунгандан качпаңыз, ийгилик жолуңуз ачылат. Алдыда сиз күтпөгөн жа пландабаган сапар орун алышы ыктымал.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Алдыда өтө турган той-топурда жакын адамдарыңыздын кеңешине кулак салсаңыз эле баары ойдогудай өтмөкчү. Башкалардын айткан сынын кабыл алгыңыз келбей, таарынып калышыңыз мүмкүн. Жүрөгү боштордун жеке жашоосунда масштабдуу өзгөрүүлөр күтүлөт, башкысы маани бербей койбоңуз. Жума күндөн баштап эле убакытыңыздын көбү конокко баруу же жумуш боюнча жолугушууларды уюштуруу иштери менен өтүшү күтүлөт. Чыгаша көбөйгөн сайын кирешенин да суммасы өсмөкчү.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Алдыда карьералык тепкичтен жогорулоо күтүп турат, алдын ала мактанып, кесиптештер алдында текебер болуудан алыс болуңуз. Аптанын башы пландалган иштериңиз тоскоолдуксуз, шыр бүтөт. Шаршемби күнү кызуу кандуулук мүнөзүңүз кармап калышы мүмкүн. Сиз жакшы тааныбаган адамдардын компаниясына чакыруу аласыз, коркпой эле бара бериңиз, пайдалуу тааныш күтөсүз. Качып жүргөн стоматологго барууңуз ыктымал, албетте, өз ыктыярыңыз менен эмес, тиш ооругандын айынан.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жашооңузда жакшы багытты көздөй өзгөрүүлөр орун алмакчы. Айрымдардын балалуу болуу кыялы ишке ашуусу мүмкүн. Айрымдар жакшы адам менен сүйүү мамилесин баштоосу ыктымал. Же болбосо жашооңузга жакшылык алып келген адамдар менен таанышасыз. Финансылык жаатта бирөө колдоо көрсөтүп карыздарыңыздан кутулууңуз мүмкүн. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен романтикалык мамилеңиздер бекемделип, жаңы нукка бурулат. Дем алыш компот, кыям жасашыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Мурда башталып, ташталып калган иштерди бүтүрүүгө аргасыз болосуз. Негизгиси өзүңүздөн күмөн санабаңыз, колуңуздан келет. Каржы жаатында импульсивдүү соода-сатык иштерине кабылууңуз мүмкүн. Жүрөгү бош таразалар демилгени өз колуна албаса, дагы бир топко күтүп калууга туура келет. Карьераңызда тандоо талап кылган жагдай жаралышы мүмкүн, жаңы жумушка чакыруу аласыз. Үйдө күтүлбөгөн, бирок баарын кубанычка бөлөгөн окуя орун алышы күтүлөт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бул аптада эки жакын адамдын ортосуна арачы түшүүгө туура келет, эки жакка тең тартпай, эмоцияларды басууга аракет кылыңыз. Өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз, күчтүүлүк сапатыңызды баалагандар чыгып, романтика жаатында жолуңуз болот. Жумушу жоктор, алдынан кандай жумуш чыкса тандабай кабыл алуулары керек, адатта эң биринчи сунуш жемиштүү болот. Каржы тармагы сиз ойлогондой жогорулап кетпейт, ошол эле учурда минуска да түшүп калбайсыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Сүйүктүү адамыңыз менен мамиле бир тепкич өйдө көтөрүлүп, бир ооз сөз, бир көз караштан бири-бириңерди түшүнгөн абалга жетесиздер. Бул айда финансыны туруктуу абалда кармоо оор болот, чыгымдар көп болмокчу. Бойдоктордун жеке жашоосунда позитивдүү адам пайда болуп, өзгөрүлбөгөн жашоо ритмине позитивдүү маанай кошмокчу. Көп жылдан бери бир нерсеге короткон эмгек, убакыт, тажрыйба акырындап өз жемишин бере баштаганын байкайсыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жыйынтык чыгаруу аптасы. Айрым учу көрүнбөй келген маселелер чечилип, ал окуядан сабак алып, жыйынтык чыгарасыз. Олдоксон кыймыл-аракеттен майда жаракат алуу коркунучу бар, андыктан сак болуңуз деп эскертебиз. Кыймылсыз мүлк сатып алуу же жаңы батирге көчүү сыяктуу түйшүктүү, бирок жагымдуу окуялар күтүлөт. Унутчаактыгыңыз кармап маанилүү иштерди колдон чыгарып жиберүүңүз мүмкүн. Үй-бүлөңүздө жакшылык орун алып, той иштерине даярдык көрүлмөкчү.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















