super.kg logo

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

 

(Башы өткөн сандарда)

Балким, мен суунун бир тамчысы болсом ушинтип айтмакмын: “Мен – тамчымын. Көлдүн да, деңиздин да, жаандын да башаты болгон кичинекей суу бөлүкчөсүмүн. Өзүм майда көрүнгөнүм менен, миңдеген, миллиондогон тамчылар кошулганда өмүрдү жаратабыз. Мен гүлдү сугарам, даракты жашартам, адамдын чаңкоосун кандырам. Кээде асмандан жамгыр болуп түшөм, кээде мөлтүр булак болуп жерден чыгам, кээде мөлтүр кар болуп тоонун чокусуна коном”.

Бирок мен адам болчумун. Бирок дал тамчыдай мага муктаж болгон адамдардын жанында болууну милдетим деп билчүмүн. Ошол Камчыны сабап кетишкендеги түн менин жашоомдогу эң оор түн болду. Дагы жакшы, жанымда Азиза бар эле, ал баары бир токтоо жана эмне кылуу керек экенин билген салкын кандуу аял эле.

Ал жерде кыймылдай албай жаткан Камчыны түптүз жаткырып бир нерселерди кылып жатты. Азиза жанымда туруп "Тез жардам" чакырыш керек" деди шашылып. Мен болсо Камчынын жанына чөгөлөп алып “Камчы, мени укчу, көзүңдү аччы” деп жалына бердим.

Камчы араң көзүн ачып:

– Менде баары жакшы. Тамчы, сен коркпо,- деп шыбырады.

Бир нече мүнөттөн кийин сирена үнү угулду. “Тез жардам” кызматкерлери жүгүрүп келишти. Ичинен бирөө, врач окшойт, “тез, носилка алып келгиле, абалы оор” деди. Азиза экөөбүз Камчыны этияттык менен көтөрүп кызматкерлерге жардамдашып жаттык.

Камчы акырын гана “рахмат, силерге. Мени кечиргиле” деп шыбырады. Колун бекем кысып алдым. Азиза анын маңдайынан өөп, бир нерселерди айтып жатты. “Тез жардам” унаасынын эшиги жабылып бара жатканда Азиза мага карап “тез, такси чакыралы, чогуу барабыз” деди. Ошентип анын аркасынан ооруканага келдик. Врачтар аны операцияга алып кирип кетишти. Анткени ичине бычак сайылган экен.

Ошол түн менин өмүрүмдөгү эң узун түн болду. Мени менен Азиза ооруканада таң атканча отурдук. Бир тууганым үчүн жаным күйүп, ар бир мүнөт бир сааттай сезилип жатты. Көзүм эшикте, кулагым дарыгерлердин үнүндө эле. “Камчы аман калса болду, башка эч нерсенин кереги жок. Апамдай кылып мени жалгыз таштап кетпесе болду” деген тилек гана жүрөгүмдө кайталанып турду. Бир жакын адамыңды жоготуу кандай оор. “Операция ийгиликтүү болду” дешти. Анын жанына Азиза кирип кетти. Кайра уктап, эс алып антип-минтип убакыт түштөн ооп кетти. Бир маалда коридордун башынан шашыла баскан бир адамды көрдүм. Ал улам айланасын карап, бирөөнү издеп жаткандай сезилди. Анын карааны эле мага тааныш бир адамдай сезилди. Бою узун, шамдагай баскан, жашы 50лөргө таяп бараткандай адам болчу. Аны жалдырап тиктеп калыптырмын.

Ал мага жакындап келип, демин араң басты. Жанындагылардан Камчынын аты-жөнүн айтып сурап жаткандай болду. Жанына басып бардым, буттарым өзү эле ал адамга алып бара жаткандай болду.

– Кызым, менин уулум Камчы... Кечээ түшүптүр, ушул жердеби?- деп сурады.

“Кызым” деген сөздү укканда жүрөгүм бир башкача дирилдеп кетти. Мен ал кишини өмүрүмдө биринчи жолу көрүп жаттым. Бирок эмнегедир анын көздөрү мага өтө тааныш сезилди.

– Ооба, Камчы ушул жерде. Бирок сиз кимсиз?

– Мен анын атасымын!- деди.

Ошол замат дүйнө токтоп калгандай болду. Кулагыма башка эч нерсе угулган жок. Бала кезимден бери миң жолу элестеткен адам дал алдымда туруптур. Бирок мен аны тааныбайт элем. Ал мени тааныбайт болчу. Бир топко бири-бирибизди карап туруп калдык. Атам мени тааныды! Эмнеден экенин билбейм, бирок тааныды. Алгач селт эте түшүп, көздөрүн ирмегилеп алды.

– Сен Тамчысыңбы?

– Ооба. А сиз менин атамсызбы?..- дедим үнүм титиреп.

Ал башын ийкедиби же чайкадыбы билбейм, бирок көздөрүндө ушундай бир сүйүү бар эле. Башка эч нерсени көрбөдүм. Ошол көздөрдөн мен өмүр бою күткөн мээримди көрдүм. Көзүмдөн жаш өзүнөн-өзү агып кетти. Мына, менин атам жанымда турат! Канча жолу “ата!” дегим келген, бирок айта албагам. Оор күндөрдө чакыргым келген. Кичинемде канча жолу эшиктин коңгуроосу шыңгыраган сайын “балким, атам келгендир” деп үмүт кылчумун. Бирок ал эч качан келген эмес. Ошол адам азыр алдымда турат. Сөз сүйлөй албай, ал да мени карап тура берди.

– Тамчы! Кызым...

– Кызым дебеңиз мени...

– Кечир, сен кандай сулуу кыз болупсуң. Куду апаңа окшош болупсуң,- деди күбүрөй.

Мен аны карап туруп ыйлап жаттым. Сүйлөп жаттым.

– Эмнеге? Эмнеге ушул убакка чейин жок болдуңуз? Биз сизге эмне кылдык? Мен ар бир майрамда, ар бир туулган күнүмдө сизди күтчүмүн. Мектепте аталар күнүндө баары атасы менен келчү. Мен болсо эшикти карап эле турчумун. Бирок сиз келген жоксуз. Апам каза болду, дагы келген жоксуз. Мен жалгыз калдым, эмне болду экен кызым деген жоксуз...- дедим көз жашымды токтото албай.

Атамдын жүзү өзгөрүп кетти. Ал акырын башын чайкады. Ыйлап жатты.

– Кызым, сенин ар бир сөзүң жүрөгүмдү тилип жатат. Мен күнөөлүүмүн. Эмне десең да, баары туура. Сенин бала чагыңды кайтарып бере албайм. Сенин биринчи кадамыңды көргөн жокмун, биринчи жолу мектепке барганыңды көргөн жокмун. “Ата” деген үнүңдү укпай калдым. Бир өмүр бою көтөрө турган эң оор жүгүм ушул. Мени кандай жазаласаң да өзүң бил. Мен күнөөлүүмүн.

Мен унчукпай турдум. Жүрөгүмдүн бир тарабы аны кучактагысы келип жатты. Экинчи тарабы болсо көп жылдык таарынычын коё бере албай турду. Бир топко чейин ушинтип турдук. Ал мага акырын жакындады.

– Мени кечир деп айтууга акым жок. Бирок бир гана мүмкүнчүлүк сурайм. Эгер уруксат берсең, калган өмүрүмдү силерге арнагым келет. Мен силерди сүйгөнүмдү кеч болсо да далилдегим келет.

Ошол учурда палатанын ичинен аппараттын үнү угулду. Экөөбүз тең чочуп эшикти карадык. Бир нерсе болгондой. Мен терең дем алдым. Көз жашымды сүртүп атама карадым.

– Азыр биз экөөбүздүн эмес, Камчынын убактысы. Ал бизге муктаж. Эгер чындап атам болсоңуз, анда бир тууганымды эми эч качан жалгыз калтырбаңыз. Мен сизди ошондо гана кечирем. Ал эмне кылса да, кечириңиз.

Атам көз жашын сүртүп минтип айтты:

– Сөз берем, кызым.

Мен атама карадым. Көп жылдан бери эңсеген “ата” деген сөздү биринчи жолу жүрөгүмдөн чыгарып айттым.

– Жүрүңүз, ата! Камчыны жаңы эле палатага которушту.

Ал сөздү айтканда жүрөгүм жеңилдеп кеткендей болду. Экөөбүз акырын палатага кирдик. Ал түнү мен бир тууганымды жоготуп ала жаздадым. Бирок ошол эле күнү атамды таптым. Жүрөгүм дүкүлдөп, атам экөөбүз акырын ичкери кирдик. Мен Камчынын жанына басып бардым. Атам коомайлангандай босогодо турду.

– Камчы...

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: