Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Көп жылдан бери биринчи жолу адамдар эрежелерди эмес, бири-бирин ойлой башташкан. Жана эң коркунучтуусу... Бекзат өзгөрүп жаткан. Ал эми Зейнеп жакшы билчү. Кээде бир адамдын келиши бүтүндөй үй-бүлөнүн тагдырын өзгөртүп жиберет. Тинатин дал ошондой адам болуп бара жаткан эле... Бир нече күн өттү. Тинатин акырындык менен сарайдын жашоосуна көнүп бара жатты. Бирок анын мүнөзү башкалардыкындай эмес эле. Ал күнү бою чоң бөлмөлөрдө отуруп, даяр нерсени күтүп жашай алган адам эмес болчу. Анын көңүлү адамдарга тартылчу. Сүйлөшүүгө, угууга, жардам берүүгө. Бир күнү эртең менен бакчада чай ичип отурган Илим күтүүсүздөн сурап калды:
– Күндөрүң кандай өтүп жатат?
Тинатин бир аз ойлонду.
– Чынын айтсам, кызыксыз...
Бекзат чайын ичип жатып күлкүсүн араң кармады. Ал эми Зейнеп кабагын бүркөдү.
– Бул хан сарай сага кызыксызбы?
– Хан сарай эмес. Тинатин жылмайды. – Жумушсуз жашоо кызыксыз.
Илим биринчи жолу кызыгуу менен карады.
– Иштегиң келеби?
– Албетте.
– Эмне жумуш?
– Адамдар менен тыгыз иштешкен жумуш.
Ошол күнү кечинде Илим аны кабинетине чакырды. Кабинет адаттагыдай чоң, сүрдүү жана сырдуу эле. Терезеден Стамбулдун кечки жарыктары көрүнүп турган. Илим столдун үстүндөгү папканы акырын жаап койду.
– Мен сага бир нерсе сунуштайын дедим.
Тинатин кызыга карады.
– Биздин үй-бүлөлүк фонд бар.
– Кандай фонд?
– Жетим балдар үчүн борборлор, карылар үйлөрү. Окуу программалары, медициналык жардам долбоорлору.
Тинатин таң калып кетти. Ал Илимди дайыма муздак бизнесмен катары көрчү. Бирок анын мындай жагы бар экенин билчү эмес.
xxx
Эртеси күнү Илим өзү аны ээрчитип жөнөдү. Унаа шаардан чыгып, деңиз жээгиндеги чоң комплекстин алдына токтоду. Дарбазанын үстүндө алтын түстөгү жазуу көрүнүп турду: “Бүбүайым Үмүт Борбору”. Тинатин бир саамга унчукпай калды.
– Бүбүайым?..
Илим акырын башын ийкеди.
– Бул анын кыялы болчу...
Биринчи жолу үнүндө жумшактык сезилди.
– Ал тирүү кезинде “эч бир бала өзүн жалгыз сезбеши керек” деп айтчу. Тинатин анын жүзүнө карады. Көп жылдан бери биринчи жолу Илим өзү тууралуу сүйлөп жаткандай эле. Комплекстин ичинде балдар үйү жана жеке карылар борбору жайгашкан экен. Бакчалар гүлгө толгон. Дубалдарда балдардын сүрөттөрү илинип турган. Жашоо бар эле. Күлкү бар эле. Үмүт бар эле. Тинатиндин көздөрү жайнап кетти. Аларды көргөн кичинекей кыз чуркап келди:
– Илим ата!
Тинатин таң калды. Илим тизелеп отуруп кызды кучактады. Кыз болсо анын моюнунан кучактап алган.
– Сиз кечигип келдиңиз!
– Билем.
– Мен таарындым.
– Макул, кечирим сурайм.
Тинатин көргөн көзүнө ишене албай турду. Хан сарайдагы Илим менен азыркы Илим эки башка адамдай көрүндү. Кийинчерээк борбордун директору түшүндүрдү:
– Бул жерде жүздөн ашык бала жашайт. Ал эми коңшу корпуста элүүгө жакын карыя бар. Көпчүлүгү жакындары таштап кеткен адамдар.
Тинатиндин жүрөгү сыздап кетти. Ошол күнү түшкө чейин ал балдар менен сүйлөштү. Алардын окуяларын укту. Күлдүрдү, оюн ойноду. Бир маалда бир кичинекей бала келип сурады:
– Эже, сиз эртең дагы келесизби?
Тинатин жылмайды.
– Ооба.
– Чынбы?
– Чын.
Бала дароо кучактап алды аны. Ошол көз ирмемде Тинатин өзүн керектүү адамдай сезди. Түштөн кийин ал карылар бөлүмүнө өттү. Терезе жанында жалгыз отурган аксакал анын көңүлүн бурду.
– Саламатсызбы.
– Саламатсыңбы, кызым. Аксакал акырын жылмайды.
– Бирөө келип сүйлөшкөнү жакшы экен.
Бул жөнөкөй сөз Тинатиндин жүрөгүнө катуу тийди. Анткени кээде адамдар тамакка эмес, көңүл бурууга муктаж болушат. Кечинде борбор жабылар алдында Илим анын жанына келди.
– Кандай, жактыбы?
Тинатин көздөрү жашылданып жооп берди:
– Бул жер адамдардын жүрөгүн айыктырат экен. Илим бир азга унчукпай калды. Андан соң акырын айтты:
– Мен бул жерди Бүбүайым үчүн кургам.
Тинатин ага бурулуп карады.
– Эмне үчүн?
– Анткени анын кыялдарын толук аткара алган эмесмин.
Шамал деңиз тараптан согуп өттү. Илим алысты карап турду.
– Кээ бир адамдар кеткенден кийин гана алардын баасын түшүнөсүң.
Ошол күндөн тартып Тинатин борбордо иштей баштады. Балдар аны жакшы көрүп калышты. Карыялар аны небересиндей күтүшчү. Ал эми Илим күн сайын келип, анын адамдар менен кандай иштеп жатканын байкап жүрдү. Жана акырындап түшүнө баштады... Бул кыз анын үйүндөгү гана эмес, жүрөгүндөгү көптөн бери жабык турган эшиктерди да ачып жаткан эле. Тинатин борбордо иштеп баштагандан бери бир балага өзгөчө көңүл бура баштаган. Анын аты Эмир эле. Жашы болгону тогузда. Башка балдардай чуркап ойнобойт, көп күлбөйт. Ар дайым терезенин жанында отуруп деңизди карап турчу. Бир күнү Тинатин анын жанына барды.
– Эмир, эмнени ойлоп жатасың?
Бала жооп берген жок. Бир аздан кийин гана акырын сүйлөдү.
– Апамды.
Тинатин унчукпай калды.
– Ал кайда?
– Асманда...
Ошол күндөн баштап экөө жакшы сүйлөшүүгө өттү. Эмир акырындык менен ачыла баштады. Ал китеп окучу, сүрөт тартчу. Кээде Тинатинге өзү тарткан сүрөттөрүн көрсөтчү. Бир күнү сүрөт тартып жатып сурады:
– Эже, эгер адам өлсө унутулуп калабы?
Тинатиндин жүрөгү сыздап кетти.
– Жок.
– Чынбы?
– Ооба.
– Анда мен апамды эч качан унутпайм.
Күндөр өтүп жатты. Бирок борбордун дарыгерлери улам тынчсыздана башташты. Эмирдин жүрөгүндө тубаса оор дарт бар эле. Бул тууралуу балдардын көбү билчү эмес. Тинатин дагы кийин уккан. Ошондон бери ал баланын жанынан көп чыкпай калды. Бир күнү кечинде Эмир аны чакырып калды.
– Эже...
– Оу?
– Эгер мен жок болуп кетсем ыйлайсызбы?
Тинатин дароо жооп берди.
– Андай сөз айтпа.
– Жөн эле сурадым.
Ал жылмайды. Бирок ошол жылмаюунун артында чоң чарчоо жашынып турган. Бир нече жумадан кийин борбордо чоң майрам уюштурулду. Балдар ырдап, бийлеп жатышты. Эмир дагы биринчи жолу сахнага чыкты. Колуна микрофон кармап туруп мындай деди:
– Менин үй-бүлөм жок деп ойлочумун.
Залда баары унчукпай калды.
– Бирок бул жерде мен үй-бүлө таптым. Анан ал Тинатинди карады:
– Рахмат...
Тинатин көз жашын жашыра албай калды. Ошол эле түнү баары өзгөрдү. Эмирдин абалы күтүүсүздөн начарлап кетти. "Тез жардам" келди. Дарыгерлер чуркап жүрүштү. Тинатин ооруканага чейин кошо барды. Коридордо отуруп алып таң атканча күттү. Колдору титиреп жатты. Ал биринчи жолу ушунчалык корккон эле. Эртең менен операция бөлмөсүнүн эшиги ачылды. Дарыгер сыртка чыкты. Бирок анын көздөрүнөн эле жооп билинип турду. Тинатин ордунан тура албай калды. Дүйнө токтоп калгандай болду.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















