Венесуэлада 10 миңден ашык адам убактылуу жайларда күн кечирүүдө
Венесуэладагы соңку жер титирөөдөн улам турак жайсыз калган тургундар үчүн уюштурулган убактылуу жайларда болжол менен 10,7 миң адам жашап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Эктор Родригес билдирди.
EFE агенттигинин маалыматына караганда, министр бул борборлор эң көп дегенде 14,5 миң адамды кабыл ала аларын белгиледи.
Ал жерде күн кечирип жаткан жарандардын 6,6 миңден ашууну жер титирөөдөн эң катуу жабыркаган Ла-Гуайра шаарында жашайт.
Буга чейин Венесуэланын бийлиги июнь айынын аягында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3 миңге жеткенин, ал эми 16,5 миңден ашуун адам жаракат алганын билдирген.

Эске салсак, өлкөнүн түндүк жээгинде күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет катуу жер титирөө катталган. Бул акыркы жүз жылдан берки Венесуэладагы эң күчтүү жер титирөөлөрдүн бири. Буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















