Бельгия АКШны ири эсепте жеңип, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Бельгиянын улуттук курама командасы АКШны 4:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.
Беттеш АКШнын Сиэтл шаарындагы "Люмен Филд" стадионунда өтүп, башкы калыс болуп иорданиялык Адхам Махадме тейледи.
Оюндун башында бельгиялык чабуулчу Шарль Де Кетеларе эсепти ачты. 31-мүнөттө АКШнын жарым коргоочусу Малик Тилльман айып соккусун таамай аткарып, эсепти теңеди. Бирок эки мүнөт өтпөй Де Кетеларе экинчи голун киргизип, командасын кайрадан алдыга чыгарды.
Экинчи таймда Ханс Ванакен Бельгиянын артыкчылыгын бекемдесе, кошумчаланган убакытта Ромелу Лукаку төртүнчү голду жаратып, беттешке чекит койду.
Эми Бельгия 10-июлда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Испания менен күч сынашат. Беттеш АКШнын Инглвуд шаарындагы "Соу-Фай" стадионунда өтөт.
Белгилей кетсек, АКШ 1/16 финалда Босния жана Герцеговинаны 2:0 эсебинде жеңген. Ал эми Бельгия Сенегалды 3:2 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















