Өзбекстан менен чектешкен өткөрүү пунктарынан жемкорлукка шектелген кызматкерлер кармалышты (видео)
"Пара алуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пункттарында бир нече кызмат адамдары кармалышты.
УКМК билдиргендей, жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү улуттук валюта, Өзбекстандын сумдары жана долларлар табылып, далил буюм катары алынды. Бул иш аракеттер Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте ишке ашты.
Кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында УКМКга "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран жеткирилди. Ал эми "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилди.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзбекстан менен чектешкен өткөрүү пункттарында жемкорлукка шектелгендер кармалды
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















