УКМК өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттардын ири көлөмүн аныктады (видео)
УКМК өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу түрдө ташып келип, сатып жүргөнгө шектелген жарандарды кармады. Алар 1999-жылы туулган Ю.С., 1999-жылы туулган Б.У. жана 2008-жылы туулган М.А. экени аныкталды.
Маалым болгондой, унаасынан 1 килограмм синтетикалык баңгизат табылып, үйүнөн табылгандар 1 килограмм 405 граммды түзгөн. Мындан тышкары, синтетикалык баңгизаттарды жашырууга арналган 60тан ашуун жайлар аныкталып, жоюлду. Алардан жалпы салмагы болжол менен 3 килограмм 335 граммды түздү.
Атайын кызмат синтетикалык баңгизаттар адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратарын билдирди. Мындай заттарды колдонуу курч психикалык бузулууларга, борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системинин жабыркашына алып келип, айрым учурларда адамдын өлүмүнө чейин жеткириши мүмкүн.
Тергөө уланууда.
УКМК өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттардын ири көлөмүн аныктады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















