Акча, тапанча... Бишкекте экстремисттик уюмдун 12 мүчөсү кармалды (видео)
Бишкекте "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, диний адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар (DVD-дисктер), телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат, акча, ошондой эле "ИЖ-37", "Байкал МР-651 КС" жана "Синза" үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар), 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) жана 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенишип, экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу иштерин жүргүзүп келишкен.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Бишкекте экстремисттик уюмдун 12 мүчөсү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















