Кезек күтүү жана убакытты текке кетирүү артта калды: MBANK Кыргызстанда биринчи болуп аты-жөнү жазылган карталарды заматта берүүнү баштады

Банк картасын алуу эми «квестке» айланбайт. Эми ысым жазылган Gold картасын жумушка бара жатып эле болгону 2 мүнөттө алып кетүүгө болот.
Мурда бул процесс кыйла түйшүктүү болчу: банкка келип, бир топ документтерди толтуруу, бир нече күн күтүү, андан соң картаны алуу үчүн кайра убакыт бөлүү керек эле. MBANK өлкө боюнча картоматтар тармагын ишке киргизүү менен бул көрүнүшкө расмий түрдө чекит койду.
Бул технология Кыргызстанда биринчи жолу сунушталууда. Атайын түзүлүштөр — картоматтар — сиздин жеке картаңызды көз алдыңызда эле басып чыгарат. Эми менеджерлердин иш графигине ылайыкташып же банктан чалуу күтүүнүн кереги жок.
Картаны 2 мүнөттө кантип алууга болот?
Система абдан жөнөкөй жана түшүнүктүү, эч кандай кагаз анкеталар талап кылынбайт:
-
MBANKтын каалаган бөлүмүндөгү картоматка барыңыз.
-
Экрандан «MBANK картасын алуу» баскычын басыңыз.
-
Смартфонуңуздагы колдонмо аркылуу пайда болгон QR-кодду сканерлеңиз.
-
Керектүү кызматты тандаңыз (жаңы карта алуу же кайра чыгаруу).
-
Колдонмодогу код менен операцияны ырастап, бир нече секунддан кийин даяр картаңызды алыңыз.
Gold аталыштагы ысым жазылган картаны чыгаруу жана анын мөөнөтү бүткөндөн кийинки пландуу кайра чыгарылышы акысыз.
Мындан тышкары, сиз бардык санарип артыкчылыктарга ээ болосуз:
✔️ Которуулар үчүн жогорулатылган лимиттер;
✔️ Онлайн аманат ачуу мүмкүнчүлүгү;
✔️ Валюталык жана балдар карталарын чыгаруу.
Жаңы ыңгайлуулук стандарты: картоматтар өлкө боюнча MBANKтын бардык бөлүмдөрүндө орнотулган. Эми технологиялар эң баалуу ресурсуңузду — убактыңызды үнөмдөө үчүн иштейт.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган.
КР УБ №014 лицензиясы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















