super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-июлдан 19-июлга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Апта башында юридикалык суроолорго жооп издейсиз жана ал суроолордун жообу оң жагына чечилет. Аптанын ортосу махабат ааламына ылайыктуу, андыктан жумуштан сырткары бош убакыт таап, жеке жашооңузга көңүл бурганды унутпаңыз. Чала тааныш адамдардын жалаа жабуусунан стресс абалына келишиңиз ыктымал, көңүл бурбаңыз, чындык баары бир калкып чыгат. Жылдыздар бул аптанын аягы акча энергияңыз ачылат, каржыга магнит катары тартыласыз дешет.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Бир жерде көп болуудан чарчап, жаңы жерлерди көрүп келүүгө тартат. Балким, баарын жыйыштырып саякатка чыгып келесиз. Жумушуңузга тиешелүү жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү, окуу же болбосо көпчүлүк алдында чыгып презентация жасоо, өнөктөштөр менен келишим түзүү сыяктуу иштер күтөт. Айланаңыздан эле сизди пайдаланып кеткиси келгендер чыгат, сак болуңуз. Маанайыңызды көтөрчү нерсе жасаңыз, сулууланып, жаңы кийим алып, ден соолукка кам көрүп...

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бул аптада жагымдуу сезимдерге чулганып, романтикалык маанайда жүрөсүз. “Бойдок” деген статусту “түгөйлүү” деп өзгөртүү өз колуңузда. Акча же башка нерсе талап кылган интернет оюндардан качыңыз, кумарга берилип кетүү коркунучу бар. Ишке ашабы же ашпайбы деген арсар ойдо турсаңыз, ийгилик тобокелчи адамдарды сүйөрүн эстен чыгарбаңыз. Дем алыш күндөрү конок тосууга себеп чыгып, алыс-жакын туугандарды бириктиришиңиз күтүлүүдө.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптада өз билемдик менен бир нерсени баштабаңыз. Айрыкча бейтааныш чөйрөдө жана чоочун адамдардын курчоосунда. Ар бир кадамыңызды ойлонуп, жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарсаңыз, чоң маселе жаратчу учурдан кылдат өтүп кетесиз. Жеке жашоодо сиздин жардамга, кеңешке муктаж туугандар кайрылат. Жумуштагы чарчооңузду жазган үй-бүлөңүз болот, дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен чогуу эргүү берген иштер менен алек болуп, энергия топтойсуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Импульсивдүү кабыл алынган чечимден кийин тең салмактуулукту таба албай убара болосуз. Андыктан эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Кесиптештер менен баарлашуу жаңы идеялардын булагы болот, бирок аптанын экинчи жарымында жумушка байланыштуу келишпестик чыгуу ыктымалдыгы бар. Сизден эки тарапты тең жайгаруу үчүн адилеттүүлүк жана дипломаттык сапаттар талап кылынат. Дем алыш күндөрү бардыгын артка жылдырып, үй чарба жумуштары менен алек болосуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сизди ойго салган көз ирмемдер күтүп турат. Аптада жакындарыңыздын жашоосуна аралашып, алардын маселесин чечкенге аракет кылгандыктан, өзүңүзгө убакыт дээрлик аз калат. Бирок алардын да сизге пайдасы тиет. Карьерадан өсүүгө жолтоо болуп жаткан кемчиликтериңизден арылыңыз. Жумуш боюнча кайсы бир иш-чарага чакыруу алышыңыз мүмкүн. Жеке жашоодогу айрым көйгөйлөрдү чечүүгө ишемби ыңгайлуу. Баш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн, тынч эс алганга аракет кылыңыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бул аптаны энергияңыз толук, позитивдүү маанайда баштайсыз. Шейшемби күнү кылдаттык менен иш кылбасаңыз, алдамчылардын тузагына түшүүңүз мүмкүн. Буюмдарыңызды жана документтерди иретке келтирип коюңуз, мүмкүн, шашылыш сапарга чыгып каласыз. Кошуналарга зыян келтире турган иш жасап албас үчүн бир нерсе жасаарда кеңешкениңиз оң. Жекшембиде бир кезде кол үзүшкөн сүйүктүүңүздү же досуңузду табууңуз ыктымал. Мамилени жандантуу керекпи, жакшылап ойлонуңуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Алыскы туугандарыңыз өзүнөн кабар берип үйүңүзгө конок келиши күтүлөт. Үйдө электр приборлорун колдонууда сак болуңуз, токко урунуу коркунучу бар. Жумушта меники туура деп өжөрлөнө бербөө керек. Антпесе душман арттырасыз. Андан көрө айлантып, кагазга ороп айтып өз оюңуздун тууралыгын жеткиргенге аракет кылыңыз. Бул аптада бир нече адамга керек болуп чыгасыз, баарына жетишем, жагам деп убара болбоңуз, баары бир таарынгандар чыгат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачыларды бул апта каржы жаатында ийгилик күтөт. Чоң пайда алып келчү жумушту колго аласыз же болбосо жаңы каржы булагы ачылат. Жумушта стандарттан сырткары, креативдүү ой жүгүртсөңүз ишиңиз илгерилейт. Сиз “али кичинекей” деп ойлоп жүргөн жакыныңыз кыйын учурда чоң адамдай колдоо көрсөтүп жагымдуу таң калтырат. Куда-сөөк тарабынан чакыруу алып, конокко баруу камылгасын көрөсүз. Сезондук аллергиядан сак болуңуз, курчуп кетүү коркунучу бар.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: