super.kg logo

Уэльсте токой өртүнөн улам айыл тургундары эвакуацияланышты

 

Бүгүн, 13-июлда Түндүк Уэльстеги бир нече айылдын тургундары токойдогу ири өрттөн улам эвакуацияланышканы тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 12-июлда Конви аймагына жакын тоолуу жерде чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону ооздуктоого аракет кылып жатышканы менен, өрт каптаган аянттын чоңдугу жана ысык аба ырайы ишти кыйындаштырууда.

Аймактын өрт жана куткаруу кызматы өрттү толук өчүрүүгө убакыт талап кылынарын билдирди. Учурда Улуу Британиянын көпчүлүк аймагында абанын температурасы жогору бойдон калууда. Ошол себептен өлкөдө жаңы токой өрттөрүнүн чыгуу коркунучу өтө жогору деп бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: