Москвада кыргызстандык кыздын кайраттуулугу кылмыштын бетин ачты
Бүгүн, 13-июлда Москвада кыргызстандык кызга кол салууга аракет кылган 27 жаштагы эркекке карата сот чечими чыкканы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын декабрь айынын аягында Москва шаарында болгон. Айыпталуучу оңдоо иштерин жүргүзгөн бригадир болуп иштеп, тазалоо үчүн жарыя аркылуу кыргызстандык кызды жумушка чакырган.
Кыз иш ордуна келгенде айыпталуучу аны зордуктоого аракет жасаган. Жабырлануучу каршылык көрсөтүп, тырмагын кансыратып алып, кийин дарыканага барып келүүгө уруксат алган.
Кыз имараттан чыгып кеткен соң дароо полицияга кайрылып, шектүү кармалып, соттун чечими менен 27 жаштагы эркек зордуктоого аракет кылганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















