9 жаштагы баланы тебелеп алган автобустун айдоочусу кармалды
Бишкекте 9 жаштагы баланы тебелеп алган автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бишкек милициясы өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун кошумчалайт.
Буга чейин интернет желесине кырсык болгон жерден тартылган видео тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















