super.kg logo

Эстониянын тышкы иштер министри Орусия тууралуу кескин билдирүү жасады

 

Бүгүн, 13-июлда Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна Европа өлкөлөрү Орусияга карата кысымды күчөтүп, компромисске барбаган позицияны карманышы керектигин билдирди.

Ал маегинде: "Орусияга карата саясат кысымды күчөтүүгө, эч кандай компромисске барбоого жана сүйлөшүүлөрдү күч позициясынан гана жүргүзүүгө негизделиши керек",- деген.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Батыш өлкөлөрү Украина боюнча сүйлөшүүлөргө чындап кызыкдар болгонуна күмөн санап жатканын айткан.

Буга жооп катары Владимир Путин Орусия Европа менен диалогго ачык экенин билдирсе, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва менен күчкө салуу позициясында сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: