Англия менен Уэльсте катуу ысыктан 2,7 миңден ашуун адам каза болду
Бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар Англия менен Уэльсте быйылкы май жана июнь айларындагы катуу ысыктын кесепетинен 2,7 миңден ашуун адам каза болгонун жазышты.
Лондондогу Империал колледжи, Улуу Британиянын Метеорология кызматы жана Лондон гигиена жана тропикалык медицина мектебинин адистери жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, май жана июнь айларында жалпысынан 20 күнгө созулган ысыкта 2,7 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Окумуштуулардын эсебинде, май айында ысыкка байланыштуу өлүмдөрдүн саны болжол менен 327 адамды, ал эми июнда 825 адамды түзгөн. Алар климаттын өзгөрүшү болбогондо абанын температурасы 3-4 градуска төмөн болуп, мындай деңгээлдеги ысык адамдардын ден соолугу үчүн мынчалык кооптуу болбой калмак деген жыйынтыкка келишкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















