Бишкекте иттин жардамы менен баңгизат сатуучу кармалды
Бишкекте 31 жаштагы жаран психотроптук зат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрилиги билдирди.
Маалымдалгандай, аны колго түшүрүү "Макси" аттуу кызматтык иттин жардамы менен ишке ашкан. Анын жанынан 28 грамм болгон психотроптук зат табылган. Текшерүүдө шектүү коңшу мамлекеттен жөнөтүлгөн эл аралык почталык жүк алганы аныкталган. Кутучадан 1 килограмм 33 грамм болгон психотроптук зат чыккан. Кармалган жарандын үйүнөн 6 грамм баңгизат табылган.
Аталган мыйзамсыз каражаттардын наркы 5 миллион сомдон ашык сумманы түзөт. Тергөөдө ал интернет дүкөнүндө иштеп, Бишкек жана Чүйдө психотроптук заттарды таркатып жүргөндүгү аныкталган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Бишкекте иттин жардамы менен баңгизат сатуучу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















