super.kg logo

Бангкоктогу 27 адам каза болгон өрттүн себептери иликтенүүдө

 

12-июлга караган түнү Таиланддын борбору Бангкок шаарындагы концерттик барда чыккан ири өрттөн кеминде 27 адам каза болуп, дагы 63 адам жаракат алды. Бүгүн, 13-июлда тергөөчүлөр өрттүн себептерин аныктоо иштерин улантып жатканы белгилүү болду. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун көбү күйүктөн эмес, түтүнгө ууланып көз жумган.

Өрт Чатучак районундагы популярдуу сыра барында чыккан. Окуя болгон учурда имаратта 300гө жакын адам болгон. Өрт тууралуу сигнал саат 23:48де түшүп, жалын бир нече мүнөт ичинде имаратка жайылган.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт сахнанын жанындагы электр жабдууларынан башталган. Азырынча кырсыктын так себеби айтыла элек, бирок тергөөчүлөр электр системинин бузулушу жана өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталбашы сыяктуу версияларды карап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: