super.kg logo

Конгодо эболадан каза болгондордун саны 700дөн ашты

 

Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусунан каза болгондордун саны 702 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Байланыш жана ЖМК министрлиги жазып чыкты.

Расмий маалыматка ылайык, учурда өлкөнүн Жогорку Уэле, Итури, Түндүк Киву, Түштүк Киву жана Чопо провинцияларында күчөтүлгөн эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 1 миң 926 адамдан вирус аныкталып, алардын 318и айыгып чыкса, 702 бейтап көз жумган.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Роже Камба эбола жайылган аймактардын расмий тизмесине Чопо жана Жогорку Уэле провинциялары кошулганын маалымдады.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 17-майда Конго менен Угандадагы эбола боюнча кырдаалды эл аралык деңгээлде кооптуу өзгөчө кырдаал катары баалап, вирустун аймак боюнча жайылуу коркунучу жогору экенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: