Кореянын белгилүү түгөйү IU жана Ли Чон Сок мамилесин токтотту
Түштүк кореялык белгилүү ырчы IU жана актёр Ли Чон Сок расмий түрдө мамилени токтотушканын билдиришти. Бул тууралуу алардын агенттиктери маалымдады.
IU'нун агенттиги EDAM Entertainment Sports Kyunghyang басылмасына билдиргендей, жуптар эки тараптуу чечим кабыл алып, мындан ары жакшы кесиптеш катары мамиледе болууну чечишкен.
Ошондой эле Ли Чон Соктун агенттиги A-MAN Project да маалыматты ырастап, экөө келечекте бири-бирин колдогон кесиптештер бойдон каларын билдирген.
Корей маалымат каражаттары алардын ажырашуусуна негизги себеп катары тыгыз иш графигин аташууда. IU менен Ли Чон Соктун мамилеси 2022-жылдын аягында белгилүү болуп, төрт жылга жакын убакыт ичинде күйөрмандардын сүйүктүү түгөйлөрүнүн бири болуп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















