super.kg logo

Тарбия мекемесиндеги өспүрүм ооруканага түштү

 

№14 тарбия мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 17 жаштагы өспүрүм имаратынын үчүнчү кабаттын терезесинен кулап, эки бутунан жаракат алды. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя 10-июлда болжол менен саат 11:15 чамасында болгон. Жабырлануучуга мекеменин кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан ары Кант шаарынын шаардык ооруканасына жеткирилген. Өспүрүмдүн буттарына операция жасалган.

Учурда ал орукананын травматология бөлүмүнө которулуп дарыланууда. Болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо иштери жүргүзүүдө. Ошондой эле кызматтык иликтөө дайындалган.

Маалымдама: Өспүрүм былтыр январ айында Ош шаардык сотунун өкүмүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү жана 3-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: