super.kg logo

BAKAI жана Яндекс Go кешбэк жана арзандатууларды белек кылат: бул жайда такси менен кантип үнөмдүү жүрүүгө болот

 

BAKAI банкы Яндекс Go менен биргеликте банк кардарлары үчүн жаңы акцияны ишке киргизди.

Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлап, аны менен төлөм жүргүзгөн бардык карта ээлери активдүүлүгүнө жараша такси сапарларынан 15% чейин арзандатуу ала алышат:

* Алгачкы 5 сапарга 15% арзандатуу. Бул буга чейин Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлабаган жана сапарлар үчүн накталай акча, QR-код же башка банктардын карталары аркылуу төлөп келген колдонуучулар үчүн.

* Мурда BAKAI картасын Яндекс Go’до колдонуп, бирок акыркы 6 ай ичинде аны менен жол акысына төлөм жүргүзбөгөн колдонуучулар үчүн алгачкы 3 сапарга 5% жеңилдик берилет.

Мындан тышкары, BAKAI картасынын бардык ээлери ар бир сапар үчүн кошумча 3% кешбэк алышат.

Жеңилдик Бишкек, Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы «Комфорт» тарифи боюнча колдонулат.

Эгер сизде азырынча BAKAI картасы жок болсо, анда жеткирүү кызматы менен Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарын тиркеме аркылуу буюртма кылсаңыз болот.

Акцияга кантип катышууга болот:

1. Яндекс Go мобилдик тиркемесине катталыңыз.

2. BAKAI картасын байлап, аны негизги төлөм каражаты катары тандаңыз.

3. Сапарлар үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу BAKAI картасы менен жүргүзүңүз.

Бул акция BAKAI кардарларына күнүмдүк сапарларынан үнөмдөөгө жана ошол эле учурда коопсуз санариптик төлөмдөрдүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Булкардарлар үчүн ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүүгө багытталган стратегиябыздын бир бөлүгү”, – деп белгилешти банк өкүлчүлүгү.

Акциянын мөөнөтү 2026-жылдын 6-июлунан 6-октябрына чейин - арзандатуулар акциянын толук мөөнөтүндө жана акция аяктагандан кийин дагы 1 ай бою күчүндө болот. Уюштуруучулар акциянын талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлдөөгө жана эреже бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.

*Арзандатуунун максималдуу өлчөмү чектелген: 15% арзандатуу колдонулганда бир сапар үчүн 50 сомдон, ал эми 5% арзандатуу колдонулганда, бир сапар үчүн 17 сомдон ашпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: