"Муну кандай түшүнсө болот?" Соскин Зеленскийди Одессадагы кырдаалга байланыштуу сынга алды
Бүгүн, 14-июлда Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманын экс-кеңешчиси Олег Соскин президент Владимир Зеленскийди Одессадагы кырдаалга байланыштуу сынга алды. Бул тууралуу орусиялык жана украиналык басылмалар жазышты.
Соскиндин айтымында, Одессада орус соккуларынан кийин оор кырдаал түзүлүп турган учурда Зеленский Парижге сапарга кеткен.
"Кырдаал өтө эле кейиштүү. Одесса өрттөнүп жатканда ал Париждеги кезектеги жолугушууга кетти. Муну кандай түшүнсө болот?",- деген Соскин өзүнүн эфиринде.
Эске салсак, 13-июлга караган түнү Орусия Одессага массалык сокку урган. Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын борбору Парижге барып, эл аралык жолугушууларга катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















