БУУ Эль-Ниньонун кайтып келиши тууралуу эскертти
Эль-Ниньо - Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү деңиз суусунун температурасынын жогорулашынан улам пайда болгон табигый климаттык кубулуш. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында кургакчылыкка, катуу ысыкка, нөшөрлүү жаан-чачынга жана суу ташкындарына алып келиши мүмкүн.
14-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары БУУнун маалыматына таянып, Эль-Ниньонун кезектеги цикли дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ири гуманитардык кесепеттерди жаратышы мүмкүн экенин жазышты.
БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Том Флетчердин айтымында, Латын Америкасы, Чыгыш жана Түштүк Африка, ошондой эле Азия жана Тынч океан аймагындагы миллиондогон адамдар катуу ысык, кургакчылык жана суу ташкынынын коркунучуна туш болушу мүмкүн.
Уюм кырдаалга алдын ала даярдануу үчүн Борбордук өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү фондунан 100 миллион долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















