Түркияда туристтерге ресторанда менюдагы бааларды сүрөткө тартып алуу сунушталды
Бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат каражаттары Түркияда туристтерге ресторандарда буюртма берүүдөн мурун менюдагы бааларды текшерип, сүрөткө тартып алуу сунушталганын жазышты.
Коопсуздук маселелери боюнча түрк эксперти, отставкадагы полиция башчысы Мустафа Бегюржю "Туристтик аймактарда мындай жагдайлар көп кездешет: менюдагы баалар көрсөтүлбөгөн ресторандарда кардарлар төлөм кысымына кабылышы мүмкүн",- деп билдирген.
Ал мындай учурларда туристтер сабырдуу болуп, көрсөтүлгөн баалар боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылышы керектигин, ошондой эле менюда баалар көрсөтүлбөсө, ресторандарга айып пул салынышы мүмкүн экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















