Түркия жер титирөөдөн жабыркаган Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.Жардам Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык эки аскердик-транспорттук учак менен жеткирилген. Анда 275 даана чатыр, дары-дармек, медициналык каражаттар жана убактылуу чатыр шаарчаларын курууга керектүү жабдуулар болгон.
Гуманитардык жүктү Каракас шаарынан Түркиянын Венесуэладагы элчиси Наджи Айдан Караманоглу менен Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль тосуп алышкан.

Супер-Инфо
super.kg видео

















