Францияда Фонтенбло токоюндагы өрт боюнча 2 адам кармалды
Бүгүн, 14-июлда Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес Парижге жакын жайгашкан атактуу Фонтенбло токоюнда чыккан өрт атайылап болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул ишке шектелип, 2 адам кармалган.
Министрдин айтымында, быйыл жай мезгилинде өлкө боюнча атайылап өрт коюу учурлары көбөйгөн. Жалпысынан токой өрттөрүнө байланыштуу 59 адам кармалган, алардын 29у жашы жете электер. Алардын 7си бак-дарактарды атайылап өрттөгөнүн моюнга алып, сотту күтүп жатканы айтылды.
Эске салсак, Фонтенбло токоюндагы өрт 12-июлда башталган. Учурда өрт толук көзөмөлгө алына элек, жалын каптаган аймактын аянты 1,3 миң гектарга жеткен.
Франция бийлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери өлкөдө болжол менен 32 миң гектар жер өрттөнгөн, бул 2025-жылдын бүтүндөй көрсөткүчүнөн ашат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















