Ирандын мурдагы президентин чыккынчы катары айыптоо четке кагылды
Бүгүн, 14-июлда Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежаддын кеңсеси аны Израилдин "Моссад" чалгын кызматы менен байланышта болгону жана үй камагында экени тууралуу маалыматтарды четке какты.
Кечээ, 13-июлда The New York Times басылмасы төрт ирандык жогорку кызматтагы булакка таянып, "Моссад" бир нече жыл бою Ахмадинежад менен байланыш түзүп, аны Ирандагы бийлик өзгөргөн учурда өлкө лидери катары көргөнүн жазган.
Басылманын маалыматына ылайык, Израилдин чалгын кызматы мурдагы президент менен кызматташууга аракет кылып, аны Ирандагы бийлик алмашуу мезгилинде мүмкүн болгон лидер катары караган.
Ахмадинежаддын кеңсеси бул билдирүүлөрдү "толук жалган" деп атап, The New York Times коомдук пикирди адаштыруу жана Ирандагы ички бөлүнүүлөрдү күчөтүү үчүн жалган маалымат таратканын билдирди.
Ошондой эле мурдагы президенттин үй камагында экени тууралуу маалымат да четке кагылды.
Ахмадинежад 2005–2013-жылдары Ирандын президенти болуп иштеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















