Казакстанда мурда соттолгон "Балтачан маньяк" боштондукка чыккандан кийин кайра кол салууга шектелүүдө
Бүгүн, 14-июлда Казакстандын Петропавл шаарында 62 жаштагы Валерий Кричиневский кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал буга чейин "Балтачан маньяк" деген ат менен белгилүү болуп, 25 жыл түрмөдө отурган.
Маалыматка ылайык, шектүү дачадан кайтып келе жаткан 54 жаштагы аялга кол салган. Аял жардам сурап кыйкырганда, кокусунан өтүп бара жаткан адам жардам берип, сактап калган. Кийин полиция шектүүнү кармап, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.
Кричиневский мурда бир нече оор кылмыштар боюнча соттолгон. Ал 2024-жылы абактан бошотулуп, социалдык адаптация борборунда жашап, электрондук көзөмөл браслетин тагынып жүргөн. Полиция учурда жаңы кол салуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















