super.kg logo

Трамп Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жүктөргө 20 пайыз төлөм киргизүүнү каалайт

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жүктөр үчүн 20 пайыздык төлөм киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Semafor басылмасы Ак үйдөгү аты-жөнү аталбаган өкүлгө таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Трамп бул демилгени бир нече айдан бери колдоп келет. Анын айтымында, буга чейин айрым адамдар президентти бул идеядан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок азыр Трамп аны ишке ашырууга олуттуу киришкен.

Азырынча төлөмдү кандай тартипте чогултуу боюнча механизм так аныктала элек. Ошондой эле АКШ бул маселе боюнча Перс булуңундагы өлкөлөр менен кеңешүүлөрдү өткөргөн-өткөрбөгөнү белгисиз.

Semafor белгилегендей, бул демилге АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун мурдагы билдирүүлөрүнө каршы келет. Алар эл аралык суу жолдору эркин болуп, кошумча төлөмдөр киргизилбеши керектигин билдиришкен.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын коопсуздугун камсыздап, анын ордуна ташылып жаткан жүктүн наркынын 20 пайызын компенсация катары алууну көздөп жатканын билдирген.

Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган мунайдын болжол менен төрттөн бири жана суюлтулган жаратылыш газынын 20 пайызга жакыны өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: