super.kg logo

Бишкекте окуучуну сүзүп кеткен автобус айдоочусу камалды: ишкана кызматкерлерине да кылмыш иши козголду

 

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган баланы сүзүп, анын өлүмүнө алып келген автобус айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Каргашалуу кырсык 13-июль күнү Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Тергөө маалыматына ылайык, бала жол чырактын уруксат берүүчү белгисинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан. Ал эми автобусту башкарып бара жаткан айдоочу оңго бурулуп жатып аны сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттан улам ооруканага жеткирилгенге чейин каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынды.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганына карабастан, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери аны каттамга чыгарууну улантканы аныкталган.

Буга байланыштуу ишкананын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүгү боюнча дагы кылмыш иши козголду. Шектүү катары диспетчер менен инженер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: